Kulunata State Nature Reserve
Кулун-Ата коругу — Кара-Кулжа районунун аймагында. Фергана тоо тизмеги менен Алай кырка тоосунун аралыгында Тар суусунун жогорку алабында жайгашкан. Батыш Теңир-Тоонун табигый жаратылыш комплексин сактоо, арчаийне жалбырактуу токойлорун, өсүмдүк-жаныбарлар дүйнөсүн жана тоо көлүнүн экол. системасын коргоо максатында 2004-жылы уюштурулган. Аянты 27,4 миң га, анын ичинде токой аянты 3,5 миң га (12,7%). Жаныбарлардын 32, өсүмдүктөрдүн 808 түрү кездешет. Корук жаратылыш шартынын ар түрдүүлүгү жана табигый ресурстарына байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Коруктун аймагында Кулун көлү жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Кыскача маалымат
- Түрү
- protected area, nature reserve
- Курулган
- 2004
Фактылар Wikidata'дан алынган.
Тегдер
Булактар
Бул беттеги текст төмөнкү макаладан алынган: Кулун-Ата коругу (ky.wikipedia.org), 24 March 2018 абалына карата
Текст CC BY-SA 4.0 лицензиясы астында таркатылат.