National Museum of Fine Arts Gapar Aitiev

Davide Mauro · CC BY-SA 4.0

Adam Harangozó · CC BY-SA 4.0

Adam Harangozó · CC BY-SA 4.0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи — сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү топтолуучу маданий мекеме. Көркөм сүрөт искусствосунун чыгармаларын илимий изилдөө, пропагандалоо иштерин да жүргүзөт.

Баяндоо

1935-жылы Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик картина галереясы катары ачылып, ага Москвадагы Третьяков галереясынан, РСФСР музей фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада чыгармалары алынып келинген. Музейди уюштурууда С. Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчүлөрдү биринчи жолу Эмен багындагы (азыркы Ч. Айтматов атындагы парк) реконструкцияланган имаратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-жылы курулган (архитектор Д. Ырыскулов, В. Назаров жана Ш. Жекшенбаев, инженер А. Юсупов, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, 1976). Музейдин живопись, графика, скульптура сактоочу, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, реставрация өнөрканасы, китепкана, фотолаборатория, кинолекторий, методика кабинеттери, экспозиция залдары, скульптура аянты бар. Музей коллекциясынын негизин С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, В. Образцов, А. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Михалёв, Т. Садыков, Ж. Үмөтов, С. Ишенов ж. б. кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонаттары жаңы табылгалар менен үзбөй толукталып турат. Директорлору: анын ичинде Игнатьев, К. Усубалиева, М. Юсупова, 1997-жылдан Ю. Шыгаев.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9

Кыскача маалымат

Түрү
museum
Курулган
1 январь 1935

Фактылар Wikidata'дан алынган.

Жүктөлүүдө...
Координаттар: 42.878715, 74.610880Google Maps'та ачуу

Тегдер

Жакынкы жайлар

Булактар

Бул беттеги текст төмөнкү макаладан алынган: Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи (ky.wikipedia.org), 10 November 2025 абалына карата

Текст CC BY-SA 4.0 лицензиясы астында таркатылат.